Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

ЖЭБ чуусун иликтеген депутаттык комиссиянын жыйыны жабык өтүп жатат


Бишкек Жылуулук электр борборунун имараты.
Бишкек Жылуулук электр борборунун имараты.

Бишкектин Жылуулук электр борборунда январь айында болгон кырсыкты жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынга чогулду. Талкуу комиссиянын төрагасы Улан Примовдун иш бөлмөсүндө жабык өтүп жатат.

Жыйында насыяны сарамжалсыз пайдаланган жана авариянын келип чыгышына себепкер болгон жетекчилердин ишине саясий баа берүү маселеси козголору кабарланган.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТБЕА компаниясы тандалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учурап, Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз калган болчу. Андан соң депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын төрагасы Улан Примов иликтөөнүн жыйынтыгы жакында Жогорку Кеңешке сунуш кылынарын билдирген. Бирок корутундуга айрым депутаттар кол коюудан баш тарткан. Алар ЖЭБ боюнча жоопкерчиликтүү жетекчилердин ысымдары ачык айтылбаганына нааразы. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG