Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:49

ЖК комитети Алимжан Байгазаковду Эсеп палатасынын аудиторлугуна колдоду


Алимжан Байгазаков.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Эсеп палатасынын аудиторлугуна Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Отурумда тармактык комитеттин төрагасы Эмил Токтошев Эсеп палатасынан Нурболот Мирзахметовдун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дайындалганына байланыштуу аны кызматынан бошотуу жөнүндө кайрылуу түшкөнүн билдирди. Мындай чечим бир добуштан кабыл алынды.

Ал эми депутат Сайдулла Нышанов мыйзам боюнча оппозициялык фракция Эсеп палатасына бир талапкер көрсөтө ала тургандыгын айтып, ошондон улам ага Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатканына токтолду.

Депутаттар Улан Примов, Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин колдоо менен, анын буга чейин каржы чөйрөсүндө ийгиликтүү иштеп келгенин, ошондон улам ага чоӊ ишеним жүктөлүп жатканын айтышты.

Мыйзамга ылайык Эсеп палатасынын аудиторлугуна Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги парламенттин башка тармактык комитеттеринде да каралышы керек.

Алимжан Байгазаков буга чейин Ош шаарынын вице-мэри болуп иштеген. Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов кызматтан кеткенден кийин 2013-жылдын аягында калаа жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп турган. (ErN)

XS
SM
MD
LG