Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

"Бишкек” эркин экономикалык аймагында өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы үч ангар өрттөндү. Мраморное айылына жакын жердеги имараттар 7-майга караган түнү саат 2:30дарда күйө баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдиргендей, куткаруучулар таңга жуук өрттү басаңдаткан. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Өрттү токтотууга бештен бригада, милиция кызматкерлери тартылды. Анын себеби жана келтирген зыяны такталууда.

Күйүп кеткен ангарларда таңгактоочу жабдуулар болгону айтылууда. Баштапкы маалыматка ылайык, өрт электр зымдардан чыккан.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестиция тартып, технологияларды колдонууга шарт түзүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана башка милдеттерди ишке ашыруу максатында уюшулган. (SE)

XS
SM
MD
LG