Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:02

Өкмөт башчы ишин жол тармагынан баштаганы ырым экенин айтты


Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишин жол тармагындагы ачылыштардан баштап, ырым кылып жатканын айтты. Ал бул тууралуу 7-майда Жалал-Абад аэропортунун жаңы имаратынын ачылыш салтанатында билдирди:

- Жаңы өкмөт келип, мен өкмөт башчы болуп иштеп жатам. Эң биринчи ырым кылып жол тармагынан баштадым. Авиакаттам деле жолго кирет да. Түштөн кийин Араванга барып, 50 метрден ашуун көпүрөнү ачабыз. Биз таза иштеген өкмөт болобуз. Социалдык маселелерди так чечебиз.

Премьер-министр бүгүн Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш 20-апрелде бекитип, президент жаңы дайындоолор боюнча жарлык чыгарган. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG