Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:50

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасында 2011- 2015-жылдар аралыгында коопсуздук кызматынын башчысы жана коомчулук менен байланыш кызматында иштеген Абдимурат Нышанкулов "жасалма диплом менен иштеген" деп айыпталууда. Бул тууралуу ишкананын ыйгарым укуктуу өкүлү жана "Кыргыз Петрелеум" компаниясынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Рашид Сулайманов "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Нышанкулов 2011-жылы "Кыргызмунайгазга" жумушка орношууда ОшМУнун юридика адистигин бүтүргөндүгү тууралуу дипломун көрсөтүп, анын көчүрмөсүн калтырган. 3 жыл 7 ай иштеген соң анын жасалма экени аныкталып, райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Көз боемочулук"), 350-беренеси ("Документ жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгогон.

- Ал жасалма диплом менен иштеп турган убагында алган 1 млн. 140 миң сом маянасын кайтарышы керек. Бул багыттагы соттук кароо иштери 17-майда Ноокен райондук сотунда башталганы турат, - деди Сулайманов.

Ал эми Нышанкулов 2011-жылы "Кыргызмунайгаз" ишканасына жетекчиликтин чакыруусу менен барганын билдирет.

- Бир топ окуу жайларга тапшырып, бирок аларды бүтүргөн эмесмин. "Мунайгазга" жумушка орношуп жаткан кезде Жалал-Абад шаарындагы Укук бизнес академиясынын студенти экендигим тууралуу тактама тапшыргам. Мени ошол документ менен жумушка алышкан. 2016-жылы окуу жайынын юриспруденция адистигин аяктадым. Жасалмалуулук болсо мени жумушка алган ошол учурдагы жетекчилик жооп бериши керек, - деди Нышанкулов.

58 жаштагы Абдимурат Нышанкулов 1989-жылдан 1998-жылга чейин облустук ички иштер башкармалыгында да жасалма диплом менен милиционер болуп иштеп жүргөндүгү такталган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кадрлар бөлүмү берген маалыматка караганда, 1998-жылы анын үстүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, "1991-жылы Анжияндагы техникумду аяктаган" деген диплому жасалма болуп чыккан. Ошол эле жылы милициянын коопсуздук кызматынын башчысынын буйругу менен ички иштер органдарында иштөөдөн биротоло бошотулган. Бул маалыматтарды Нышанкулов "ички иштер кызматындагы кээ бир адамдар менен тирешүүдөн кийинки доомат" катары мүнөздөдү.

"Кыргызмунайгаз" быйыл жыл башынан бери 27 миң тонна нефть, 7 млн. куб газ өндүргөнү расмий кабарланган. Жылдык кирешеси 652 млн. сомду түзгөн ишканада 2500 адам иштейт. Жылына 140 миң тонна нефть өндүрөт. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG