Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Трамптын өнөктөштөрү АКШны Иран менен макулдашууну сактоого үндөшөт


Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө. 27-апрель, 2018-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө. 27-апрель, 2018-жыл.

Британ жана немис бийлиги АКШнын президенти Дональд Трампты 2015-жылы Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди бузбоого ынандаруу аракетин күчөттү.

Британиянын АКШдагы элчиси Ким Даррох Лондон келишимди бузуунун ордуна Трампты "түйшөлткөн маселелерди карап чыгуу зарыл" деп эсептей тургандыгын билдирди.

Ирандын өзөктүк программасы тууралуу келишимге президент Барак Обаманын тушунда кол коюлган. Анда Батыш экономикалык санкцияларын жоюп, Тегеран болсо өзөктүк программасын чектөө милдетин алган.

Президент Трамптын администрациясы Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептейт. Вашингтондогу азыркы администрация 2015-жылдагы келишимде өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу негизги зат болгон уранды байытууга Иранга он жылдык гана чек коюлганын баса белгилейт.

Президент Трамп 12-майга чейин келишимдин “чийки жерлерин оңдош” керек экенин, болбосо АКШ келишимден чыгарын билдирген.

Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

XS
SM
MD
LG