Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Роухани: АКШ өзөктүк келишимден чыкса өкүнөт


Ирандын президенти Хасан Роухани. 25-апрель, 2018-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани. 25-апрель, 2018-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттар өзөктүк келишимден чыкса өкүнүп калаарын жана алар АКШ президенти Дональд Трамп кандай гана чечим кабыл албасын жооп кайтарууга даяр экенин ишара кылды.

Ирандын президенти Хасан Роухани 6-майда сүйлөгөн сөзүн мамлекеттик телеканал түз ободо көрсөттү. Ал өз билдирүүсүндө Вашингтон 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыкса өкүнүп калаарын баса белгиледи.

- Эгер Америка өзөктүк келишимден чыкса, бул нерсе алар үчүн тарыхый өкүнүч болуп калат. Биз бүтүндөй дүйнө жүзүнө - Европа, Америкага, Чыгышка жана Батышка айтарыбыз биз өз мамлекетибиздин коргонуусун жана куралын эч ким менен талкуулабайбыз. Өлкөбүз канча куралга зарыл болсо, ошончо курал жана тийиштүү аскердик техниканы өндүрөбүз.

Роухани Иран кандай жооп кайтарарын тактаган жок. Ошону менен катар ал “тийиштүү буйруктарды” бергенин кошумчалады.

- Тийиштүү буйруктар биздин Атомдук энергетика боюнча уюмга берилди. Биздин багыт айдан ачык. Экономикалык тармак тийиштүү буйруктарды кабыл алды.

Кошмо Штаттардагы мыйзамга ылайык, президент 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда жетишилген көп тараптуу келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске токсон күн сайын ырастап турууга тийиш.

Мындан тышкары ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу да зарыл. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет. Трамп жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет. АКШ президенти буга чейин бир нече ирет келишимден чыгарын эскертип келген. Ал документтеги “одоно кемчиликтерди” европалык өнөктөштөрү 12-майга чейин оңдошпосо макулдашуудан толук чыгарын айткан.

Бирок Тегеран өзөктүк келишимди кайра карабастыгын жарыялады. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри, өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө Тегерандын башкы өкүлү болгон Мохаммед Жавад Зариф 3-майда айтты.

- Мен түшүнүктүү кылып айтайын: биз коопсуздугубузду башкаларга бербейбиз. Биз ак ниеттик менен ишке ашырган келишимди кайра карабайбыз жана ага кошумча киргизбейбиз. АКШ келишимди бир нече ирет бузду, өзгөчө башкалардын Иран менен кызматташтыгына бут тосуп, коркутту.

Апрель айынын соңунда Франциянын президенти Эммануэл Макрон, немис канцлери Ангела Меркел Вашингтонго барып, алардын иш сапарынан соң эки лидер жана британ премьер-министри Тереза Мэй биргелешкен билдирүү тараткан. Алар 2015-жылы түзүлгөн келишимдин тууралыгын дагы бир жолу жакташкан.

Жекшембиде Германиянын Der Spiegel журналында жарык көргөн маекте Франциянын президенти Эммануэл Макрон эгер АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыкса, согуш чыгып кетүү коркунучу бардыгын эскертти. Ошону менен катар ал Дональд Трамп согушту каалабастыгын кошумчалады. Байкоочулар Трамп бул келишимде калуу жолун табарын айтышууда.

Өткөн жумада Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш эгер бул келишимдин ордуна сунуштай турган башка альтернатива жок болсо келишимден баш тартуунун зарылдыгы жок деп айтты.

Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG