Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Израил менен Ирандын айтышы күчөдү


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Тель-Авив, 30-апрель 2018-жыл.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Тель-Авив, 30-апрель 2018-жыл.

Ирандын өзөктүк курал чыгарууга умтулганы тууралуу Израил көрсөткөн документтерди АКШ кубаттаcа, Европа өлкөлөрү алардын маанилүү экенинен күмөн санашты. Иран болсо Израил эски айыптоолорун кайталап жатат дейт.

АКШ президенти Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы кол коюлган келишимден чыгуу же калуу маселесин чечер алдында Израил расмий Тегеранды айыптаган билдирүү менен чыкты.

Бул өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху 30-апрелде Тель-Авивде басма сөз жыйынын өткөрүп, Израилдин атайын кызматтары Ирандын архивинен анын өзөктүк программасына байланыштуу миңдеген документтерди таап чыкканын, алар расмий Тегерандын өзөктүк келишим кабыл алынганга чейинки сөздөрүн жалганга чыгарарын айтты.

- Биринчиден, Иран "өзөктүк курал боюнча программабыз жок" деп калп айткан. Муну 100 миң документ айгинелеп турат. Экинчиден, эл аралык келишим кабыл алынгандан кийин да Иран өзөктүк куралдары тууралуу маалыматын келечекте колдонобуз деп сактап келген.

Израилдин мындай билдирүүсүн АКШнын башкы дипломаты кубаттап чыкты. Өткөн аптадан бери Сауд Арабия, Израил жана Иорданияны кыдырып чыгып, дүйшөмбүдө Вашингтонго келген мамлекеттик катчы Майк Помпео "Израилдин документтери көп жылдан бери Ирандын жашыруун өзөктүк программасы болгонун көрсөттү" деп айтты.

АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео (солдо) Израилдин премьер-министри менен 29-апрелде Тель-Авивде кездешкен.
АКШнын жаңы мамлекеттик катчысы Майк Помпео (солдо) Израилдин премьер-министри менен 29-апрелде Тель-Авивде кездешкен.

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн айрым расмий өкүлдөрдү бул документтер Иран өзөктүк куралды жасоону улантканын далилдебей турганын билдиришти. Немис өкмөтү бул маалыматтар изилденип чыгаарын, кантсе Тель-Авив таап чыккан документтер дүйнөнүн алты дерважасы менен Тегерандын ортосундагы өзөктүк келишим сакталышы керектигин айгинелеп жатканын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф болсо Израилдин премьер-министрин жаш балага теңеп, анын ырастоолорун күлкүлүү деп четке какты.

"Даттанганын койбогон бул бала кайра баштады", - деген Зариф Израилдин бул документтерди АКШ өзөктүк курал боюнча чечим кабыл алар алдында ачыкка чыгарганына көңүл бурду.

Буга кошумча Иран өкмөтү Вашингтондун чечимин утурлай өзөктүк келишимдин шарттарын кайра талкуулоого кызыкдар эмесин эскертип жатат.

= Эгер Батыш өлкөлөрү өзөктүк келишимден башка темалар боюнча Иран менен сүйлөшөбүз дешсе, анда бул башка маселе. Эгер бул сүйлөшүүлөр биздин коргонуу тармагыбызга байланыштуу болсо, анда биз бул тема боюнча эч ким менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйбүз. Эч кимге биздин чек арабызды аныктоого жол бербейбиз,-деп билдирди 30-апрелде Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Багер Нобахт.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф (солдо) менен Евробиримдиктин тышкы иштер министри Федерика Могерини, Брюссель, 25-апрель 2018-жыл.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф (солдо) менен Евробиримдиктин тышкы иштер министри Федерика Могерини, Брюссель, 25-апрель 2018-жыл.

2015-жылы АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия жана Иран кол койгон келишимге ылайык, расмий Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө көнгөн. Мунун ордуна ага карата эл аралык санкциялар жоюлмай болгон.

АКШ президенти келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске үч ай сайын ырастап турушу керек. Ошондой эле ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документти да узартып турууга тийиш. Президент бул маселе боюнча кезектеги чечимин 12-майда жарыялаганы турат.

Президент Дональд Трамп жана анын администрациясынын өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет. Мындан улам Трамп келишимге кол койгон Европа өлкөлөрүнөн документтин “кемчиликтерин” оңдоону талап кылып, болбосо АКШ ал келишимден чыгаарын эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG