Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:42

Трамп менен Макрондун мүдөөсү, Ирандын сыны


Президенттер Макрон жана Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.

Иран аны менен дүйнө державаларынын ортосунда жаңы өзөктүк келишим түзүүнү талап кылуунун мыйзамдуулугунан күмөн санады. Бул тууралуу бүгүн президент Хасан Роухани билдирди. Мунун алдында АКШ менен Франциянын президенттери Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин Тегеран менен жаңы келишим түзүүгө чакырышкан эле. Алар азыркы өзөктүк келишимдегиден кеңири чөйрөдөгү маселелерди камтуусу керек деп эсептешет.

Француз президенти Эммануэл Макрон бул күндөрү мамлекеттик сапар менен Кошмо Штаттарда жүрөт.

Анын сапары Ак үй 2015-жылдагы өзөктүк келишим боюнча чечим кабыл ала турган кезектеги мөөнөт жакындаган учурга туш келди.

- Он экисинде мен эмне кылаарымды эч ким билбейт. Анткен менен, урматтуу президент, сизде дурус идея бар экен. Бирок биз карап көрөбүз. Жерпайы бекем жаңы келишимди түзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени мурдагы келишимдин негизи бузук, түзүмү начар. Андай иш эч убакта болбошу керек. Мен бул үчүн Конгрессти айыптайм, көп адамдарды айыптайм. Он экисинде эмне болорун көрөбүз. Бирок айтып коёюн, эгер Иран бизди кайсы бир жол менен коркутса, мунун кунун төлөөгө туура келет, - деди президент Дональд Трамп 24-апрелдеги сүйлөшүүлөрдөн соң.

АКШдагы мыйзам талабы боюнча президент Иран менен 2015-жылы түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылып же аткарылбай жатканын Конгресске ар токсон күн сайын ырастап турууга тийиш. Мындан тышкары, ал Тегеранга АКШнын санкцияларынан жеңилдик берген документке кол коюп турушу керек. Кезектеги ошол мөөнөт 12-майда келет жана Вашингтондун жаңы чечими ушул күнгө жакын белгилүү болгону турат.

Трамп өзү жана анын администрация өкүлдөрү Иран баллистикалык ракеталарын өнүктүрүү жана аны сыноо менен өзөктүк келишимдин “маңызын” бузду деп эсептешет. Ошондой эле анда Ирандын уранды байытышына он жылдык гана чек коюлганын баса белгилеп жүрүшөт.

Ошондон улам Трамп келишимге катышкан Франциядан, Британиядан жана Германиядан келишимдин өзү айтмакчы “катастрофалык кемчиликтерин” оңдоону талап кылган. Бул талабы аткарылбаса, келишимден чыгаарын да эскерткен. Андыктан Макрондун Вашингтондогу сапары 2015-жылы түзүлгөн келишимди сактап калуу миссиясы катары да бааланган эле.

Президенттер Макрон жана Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.
Президенттер Макрон жана Трамп Ак үйдөгү басма сөз жыйынында. 24-апрель, 2018-жыл.

​Француз президенти Ак үйдөгү жолугушууда Иран менен өзөктүк ишмердиктен да башка маселелерди камтыган жаңы кеңири келишимди сүйлөшүүнү сунуш кылды:

- Биз төрт маселени камтышыбыз керек. Биринчиси - Ирандын кандай гана өзөктүк ишмердиги болбосун ага 2025-жылга чейин бөгөт коюу. Бул “Аракеттенүүнүн биргелешкен кеңири планы” (2015-жылкы келишимдин расмий аталышы) боюнча мүмкүн болуп турат. Экинчиси - узак мөөнөткө Иранда эч кандай өзөктүк ишмердик жүргүзүлбөшүнө кепилдик берүү. Үчүнчү түпкүлүктүү маселе - Ирандын аймактагы баллистикалык ракеталык ишмердигин токтотуу. Төртүнчүсү - Ирандын аймактагы - Йемендеги, Сириядагы, Ирактагы, Ливандагы таасирин кармап тургудай саясий чечим табыш үчүн шарт түзүү.

Президент Эммануэл Макрон кошумчалагандай, жаңы кеңири макулдашуу аймакта “туруктуулукту камсыз кылуунун” жалгыз жолу жана “чөлкөмдөгү бүткүл кырдаалга” жана Трамп көтөргөн маселелерге да тийиштүү болот.

Маселен, Йемен боюнча АКШ жана Сауд Арабиясы Иранды "бул өлкөдөгү хусит козголоңчуларына курал, анын ичинде баллистикалык ракеталарды берип жатат" деп айыпташат. Тегеран мындай дооматтарды четке кагууда.

Буга чейин АКШ өзөктүк келишимден чыкса “өкүнөрүн”, Тегерандын жообу “күтүлгөндөн күчтүү, ыкчам” жана анын “кесепеттери олуттуу” болорун эскерткен Ирандын президенти Хасан Роухани 25-апрелде теледен берилген сөзүндө Вашингтондон жаңы келишим боюнча талабынын мыйзамдуулугунан күмөн санады. Ал президент Трампты кескин сынга алды:

Президент Роухани Табриз шаарынан сүйлөп жаткан учур. 25-апрель, 2018-жыл.
Президент Роухани Табриз шаарынан сүйлөп жаткан учур. 25-апрель, 2018-жыл.

- Алар (америкалыктар) Европанын бир өлкөсүнүн лидери менен "жети тараптуу келишим боюнча чечим кабыл алгыбыз келет" деп жатышат. Эмне үчүн, кайсы укуктары менен? Ал (Трамп) "бул келишим абдан жаман" дейт. Анда силер (АКШнын өкмөтү) эмне үчүн кол койдуңар? Эгер мындай болсо, силерден мурдагылар эч нерсе түшүнбөйбү? Сенде эч кандай саясий, укуктук тажрыйба жок! Эл аралык иштерде соодагер, алып-сатар, курулушчу, мунара салуучу катары ой жоруйсуң!

2015-жылы Иран дүйнөнүн ири алты державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Кытай менен Орусия бул келишимдин кайра каралышына каршы.

2015-жылы түзүлгөн келишим сакталышы керектигин 25-апрелде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да айтып чыкты.

Апта соңунда Вашингтонго немис канцлери Ангела Меркел да барган жатат. Анын Трамп менен сүйлөшүүлөрүндөгү башкы темалардын бири Иран келишими болгону турат.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маастын шаршембиде Брюсселден билдиргенине караганда, Берлин келишимди “сактоону”, АКШ да анда калышына “салым кошууну” көздөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG