Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Иерусалим: “АКШнын элчилиги” деген жол белги пайда болду


Иерусалимдеги “АКШнын элчилиги” деген жол белги. 7-май, 2018-жыл.
Иерусалимдеги “АКШнын элчилиги” деген жол белги. 7-май, 2018-жыл.

“Рейтер” агенттиги Иерусалимде “АКШнын элчилиги” деген жазуу кеминде үч жерге илингенин кабарлады. Англис, араб жана иврит тилдериндеги жол белгилер АКШнын дипломатиялык миссиясынын расмий ачылышына бир жума калганда пайда болду.

14-майда Кошмо Штаттардын элчилиги Тель-Авив шаарынан Иерусалимге көчөт.

Былтыр 6-декабрда президент Дональд Трамп АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган чечимди бекиткен. Мындай чечим АКШнын Европа менен Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөштөрүнүн сын-пикирлерин, мусулман дүйнөсүндө болсо нааразылыктарды жаратты. Палестин аймактарында кагылышууларга түрткү болгон.

Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрөт. Шаарды азыр толук Израиль көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын суверенитетин тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG