Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:15

Таласта жоголгон жылкы үйүрү Казакстандан табылды


Жоголгон үйүр.
Жоголгон үйүр.

Үч жума мурун Таластын Манас районунун Көк-Дөбө айылындагы кыштоодо жоголгон 115 баш жылкы 5-майда Казакстандан табылды.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева "Азаттыкка" билдиргендей, үйүр Жамбыл районунун Гродиково айылынан табылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 107 баш жылкы ээлерине кайтарылды. Калганы өлүп калганы кабарланды.

Үйүр 17-апрель күнү Таластын Казакстан менен чектеш жайгашкан «Иван-Караван» деп аталган кыштоодо жайылып жүргөн жеринен дайыны чыкпай калган эле.

Жылкылар Манас районунун Талас айылынын тогуз, Көк-Дөбө айылынын жети тургунуна таандык болгон. (AlS)

XS
SM
MD
LG