Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:43

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кыргызстандын эли 131 миңге азайган


"Рейхстагдын үстүнө сайылган туу" аттуу сүрөт. Берлин, 1945 жыл.
"Рейхстагдын үстүнө сайылган туу" аттуу сүрөт. Берлин, 1945 жыл.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кыргызстандын эли 131 миң адамга азайган. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 1941-жылдын башында Кыргызстанда 1 миллион 588 миң адам каттоого алынган. 1946-жылкы каттоодо 1 миллион 457 миң адам калган.

Кыргызстан 360 миңден ашуун жаранын же ар бир төртүнчү кишини армияга жөнөткөн. Ошондой эле 300 миңден ашуун адамды кабыл алган. Отуз миңден көбүрөөк кыргызстандыктар өлкөдөн тыштагы аскердик өндүрүш ишканаларына жиберилген.

Согуш маалында колхоз-совхоздор коргоо фондуна 74 миң тоннадай дан, 8 миң тоннадан ашуун эт тапшырган.

9-май Экинчи дүйнөлүк согуштун бир бөлүгү болуп саналган Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү катары белгиленет. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 22-июнда башталып, 1945-жылдын 9-майында СССР жеңишке жеткен.

Ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында тутанып, 1945-жылдын 2-сентябрында аяктаган.

XS
SM
MD
LG