Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Мирзиёев ачуусуна тийген эки жетекчини кызматтан алды 


Ташкент шаарынын Жол коопсуздугу инспекциясынын башчысы Барат Маменов (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Ташкент шаарынын Жол коопсуздугу инспекциясынын башчысы Барат Маменов (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

"Азаттыктын" өзбек кызматы өз булактарына таянып, Мирзиёев түркмөн президентинин Ташкенттеги сапарынын убагында кетирген кемчиликтери үчүн эки жетекчини кызматтан бошотконун кабарлады. Президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси Абдурахим Муминов иштен алынып, Ташкент шаарынын Жол коопсуздугу инспекциясынын башчысы Барат Маменов беш күнгө камалды.

Журналисттерге сүйлөп берген, аты-жөнүн жашырган эки кишинин айтканына караганда, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммовдун сапарынын учурунда, 23-апрелде Ташкентте эки лидер жөө басып баратканда ГАИнин сиренасын жандырган машинеси өтө жакын келгени Мирзиёевдин ачуусуна тийген.

Коңшу өлкөнүн бийлиги болсо Муминов өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлыгына дайындалганын, Маменов беш күнгө камалганын гана маалымдады.

Маалыматтарга караганда, Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин президенттин коопсуздук кызматынан бир жарым миң киши иштен айдалып, жаңы кадрлар алынган.

XS
SM
MD
LG