Арменияда оппозициялык лидер Никол Пашинян элдин баарын демонстрацияларга чакырды. Эртең армян парламенти өкмөт башчыны тандайт. Дүйшөмбүнүн кечинде Пашинян сүрөөнчүлөрү менен АКШдан келаткан рок-жылдыз Серж Танкиянды тоскону барды.
Теги армян америкалык ырчы океандын ары жагынан Пашинянга колдоо көрсөткөнү атайын учуп келди. Ал кечинде Еревандын Республика аянтына келип сүйлөй турганы кабарланды.
Пашинян болсо жактоочуларын 8-майда кайрадан көчөгө чыгып, парламентте шайлоо башталганда башкаруучу Республикалык партияга басымды күчөтүүгө үндөдү.
42 жаштагы оппозициялык лидер непадам парламенттеги добуш берүүдө башкаруучу партия өз убадасын аткарбай койсо, зордук-зомбулуксуз баш ийбестик чараларын баштоого даяр болууга чакырды.
2-майда Ереванда түмөндөгөн адам көчөгө чыгып, иш таштоо башталган соң Республикалык партия парламенттеги экинчи добуш берүүдө Пашиняндын талапкерлигин колдоорун ишарат кылды. Беш күндөн бери нааразылык акциялары токтоп турат.
Пашинян болсо башкаруучу партия кайрадан оюн кылып, аны өткөрбөсө өлкө боюнча массалык иш таштоо башталарын айтты.
1-майда Пашинянды парламент премьер-министрликке шайлабай койгон. Ага 105 мандаттуу парламентте 58 депутаты бар мурдагы президент жана премьер-министр Серж Саргсяндын Республикалык партиясы каршы добуш берген. “Царукян” жана “Дашнакцутюн” фракциялары бириккенде 47 добуш топтолгон. Ал эми өкмөт башчылыкка шайланууга кеминде 53 депутаттын колдоосу зарыл. Пашиняндын талапкерлигин 45 киши колдосо, 56 мыйзам чыгаруучу “каршы” добуш берди.