Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Ташкентте журналист Абдуллаев камактан бошонду


Журналист Бобомурад Абдуллаев сот залынан чыккандан кийин, 7-май, 2018-жыл.
Журналист Бобомурад Абдуллаев сот залынан чыккандан кийин, 7-май, 2018-жыл.

Бүгүн Ташкент шаардык соту "конституциялык түзүлүшкө каршы чыккан" деп айыпталган журналист Бобомурад Абдуллаевдин жана аны менен кошо үч жарандын иши боюнча өкүм чыгарды. Сот Абдуллаевди Кылмыш кодексинин 159-беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга кара жумушка кесип, маянасынан 20% кармап калуу шарты менен сот залынан бошотту.

Сот залынан чыккандан кийин Абдуллаев журналисттерге камакта жатканда ​"азаттык, эркиндик, демократия, сөз эркиндиги жаатында иштеп жүргөн инсандар, кесиптештерим, укук коргоочулар, эл аралык уюмдар менин аркамда турганын дайым сезип турдум" - деди.

Блогер Хаётхан Насреддинов жана жергиликтүү ишкерлер Шавкат Оллоёров менен Равшан Салаев дагы сот залынан бошотулду.

2-майдагы сот процессинде прокурорлор Абдуллаевди беш жылга түрмөгө кесүүнү, аны менен кошо иши каралып жаткан башка үч айыпталуучуну актоону сураган.

Журналист Бобомурод Абдуллаев "Интернетте «Усман Хакназаров» деген тергеме ат менен Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деген шек менен 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган.

Абдуллаевдин адвокаты Сергей Майоров журналист Улуттук коопсуздук комитети кармагандан кийин бир нече жолу кыйноого кабылганын билдирген.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын колуна тийген соттун аны камакка алуу тууралуу ошондогу чечиминде “Абдуллаев "Өзбекстан элдик кыймылынын” мүчөсү катары бул уюмдун жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери Интернетте Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү кулатууга багытталган макалаларды жайылткан" деп жазылган.

XS
SM
MD
LG