Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:22

“Фронттон келген каттар” көргөзмөсү жаңы экспонаттар менен толуктады


Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук мамлекеттик архив Жеңиш күнүн утурлай “Фронттон келген каттар” аттуу виртуалдык көргөзмөсүн жаңы экспонаттар менен толуктады.

Мекеменин маалыматына караганда, анда согушка катышкан, согуш убагында жашаган адамдардын мамлекеттик архивде сакталып жаткан, өз колу менен жазган каттары коюлду.

Маселен, ал жерден Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асановдун, Эл акыны, жазуучу Аалы Токомбаевдин каттарын көрсө болот.

Бул виртуалдык ресурс 2015-жылы түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG