Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Бейтапканаларда "электрондук кезек" долбоору иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт бейтапканалардагы кезек күтүү маселесин чечиш үчүн “электрондук кезек” долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Учурда Бишкектин №8 бейтапканасында пилоттук программа ишке ашырылып жатат.

Дарыгерге электрондук каттоо аркылуу белгиленген убакта тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүш үчүн электрондук каттоо долбоору андан кийин Ысык-Көл облусунун үч районунда иштей баштайт.

Тажрыйба ийгиликтүү өтсө бардык республикага жайылтылат.

Мамлекеттик бейтапканаларда, айрыкча Улуттук госпиталда дарыгерге кириш үчүн адамдар узун кезекке турууга мажбур болуп жатканы элди нааразы кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG