Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 05:31

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишим боюнча өз чечимин бүгүн жарыялайт. Бул тууралуу ал "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Трамп буга чейин бир нече жолу Вашингтон Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишимден чыгаарын эскерткен.

Ал 2015-жылы түзүлгөн келишимдеги “одоно алешимдиктерди” Европадагы өнөктөштөрү 12-майга чейин оңдошпосо, андан толук чыгаарын айткан.

Иран дүйнөнүн алты ири державасы: АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия менен кол койгон келишимге ылайык, өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Ал арада Германия менен Франциянын тышкы иштер министрлери АКШны бул келишимден чыкпоого үндөгөн улуу британиялык кызматташын колдоп чыгышты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG