Линктер

бейшемби, 24-май, 2018 Бишкек убактысы 06:39

9-май - Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү турниринде Оштун "Достук" командасы менен Таластын "Ынтымак" командасы финалга жолдомо алды.

Буга чейинки оюндарда "Достук" "Четинди" командасынын улакчыларын 15:3 эсебинде утса, "Ынтымак" менен "Биримдиктин" оюну 5:3 эсеби менен аяктаган.

Бүгүн 3-орун үчүн "Биримдик" менен "Четинди" ойнойт, ал эми финал эртең Чолпон-Атада өтөт.

Быйылкы турнирде командалар эки лигага бөлүнүп ойноп жаткандыктан бүгүн ошондой эле биринчи лигадагы төрт команданын оюндары өтөт. Анда "Сары-Өзөн" - "Жаш Күч" жана "Аафият" - "Толкун" командалары ойношот. (SDz\ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG