Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кортежиндеги эки автоунаа жол кырсыгына кабылганын Ош облустук милициясындагы ишенимдүү булактар "Азаттыкка" ырастады.
Маалыматка караганда, «Тойота Лэнд Крузер 200» жана «Лексус LX570» автоунаалары катышкан жол кырсыгы 7-майда өкмөт башчынын Өзгөн районундагы иш сапарынын учурунда болгон. Кырсыктан адамдын өмүрүнө зыян тийген эмес.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын, өкмөттүн басма сөз кызматтары жол кырсыгы тууралуу комментарий бере элек. Кортеждеги эки автоунаа эмнеден улам кырсыктаганы азырынча белгисиз.
Абылгазиев 7-майда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иш сапарынын жүрүшүндө былтыр апрелдеги жер көчкүдөн жапа чеккен Өзгөндүн Аюу айылынын тургундары менен жолугушкан. (YI)