"Бириккен элдик кошуун бирлиги" бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү 7-майда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, журналист Сыргак Абдылдаев боюнча соттун калыс чечим чыгарышын көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен президентке кайрылышты.
Уюмдун төрагасы Алга Кылычев Абдылдаевдин атынан билдирүү жасап, ал райондук жана шаардык соттун чечимдери менен макул болбогонун, эми Жогорку сотко берилген доо-арыз толугу менен канааттандырылышы керек экенин маалымдады:
- Сыргак Абдылдаевге 29 жолу бычак уруп, өлтүрүү аракети Жаныш Бакиевдин түз тапшырмасы менен уюштурулганы жана аны аткаргандардын күнөөсү тергөөдө толук далилденсе да, Биринчи май райондук соту, Бишкек шаардык соту тарабынан "иштин мөөнөтү эскирди" деген шылтоо менен Жаныш Бакиевден башкасы сот жообунан бошотулган. Мындайча айтканда, кылмышты мыкаачылык менен аткаргандар бошотулуп, акталып отурат. Биз ачык эле Биринчи май райондук соту Термечиковдун бул аракеттерин "кызматтык кылмыш" деп эсептейбиз. Сыргак Абдылдаевге карата жасалган саясий кылмыштын эскирүү мөөнөтү 2019-жылдын 3-мартында күчүнө кирмек. Ушул жерден да сот Термечиков негизги принциптерди бузду. Биз көрсөтүлгөн соттук актылар менен макул эмеспиз. Абдылдаевдин доо арызы толугу менен канааттандырылсын.
Алга Кылычевдин айткандары боюнча ишти караган соттор маалымат бере элек.
«Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы март айында белгисиз кишилер кол салып, бычактап, колу-бутун сындырып кеткен. Мындан соң Абдылдаев Швециядан баш калка тапкан, кийинчерээк ал өлкөнүн жарандыгын алган. Абдылдаев ал кезде мурдагы президент Бакиевдин бийлигинин кемчиликтерин ашкере кылган макалаларды жазып жүргөн.
Анын өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевге, УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Турдубек Алмаматовго, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Бакыт Парманкуловго, ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкы башкармалыгынын экс-башчысы Расулберди Раимбердиевге, ИИМдин жооптуу кызматкерлери Туратбай Үмөтов менен Искендер Сооданбековго “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Киши өлтүрүү аракети” жана “Кылмыш кылууга аракеттенүү” беренелери боюнча айып тагылган.
Кылмыш иши Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин ачылып, тергеле баштаган. 2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдылдаевди "Эрдик" медалы менен сыйлаган.
Сыргак Абдылдаев буга чейинки соттордун чечимдерине макул болбой, Жогорку сотко даттанган. Анын доо арызын кароо бүгүнкүгө белгиленген.