Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

9-майда коопсуздукту жети миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан боюнча 9-майдагы майрамда элдин коопсуздугун камсыз кылууга жети миңден ашык милиция кызматкери тартылат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын үч миңден ашууну Бишкектеги тартипке көз салат.

Ала-Тоо жана Жеңиш аянттарындагы Жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларда жана “Өлбөс полк” акциясында коопсуздукту эки миңден ашык милиция кызматкери камсыз кыла турган болду.

ИИМ майрам учурунда эл көп чогулган жайларга баргандар катуу текшерилип, тыюу салынган буюмдар (кесүүчү буюмдар, спирт ичимдиктери, куралдын бардык түрү, өзүн-өзү коргоо куралдары) алынарын эскертти. Мекеме жарандарды сак болууга, шектүү буюмдарды байкаган учурда тез арада “102” телефонуна кабарлап коюуга да чакырды.

Жеңиштин 73 жылдыгына карата 9-майда Бишкекте жана Кыргызстандагы башка район-шаарларда атайын иш-чаралар өтөт. Баш калаада «Өлбөс полк» акциясы болуп, анын катышуучулары Түштүк магистралдан Байтик баатыр көчөсү аркылуу Жеңиш аянтына чейин келишет.

Жеңиш аянтында "Өчпөс отко" гүл коюу митинг-реквиеми, Куралдуу күчтөрдүн маршы болот. Кыргызстандын бийлиги ал жерде эки миң адамга салтка айланган сый-тамак берип, концерт уюштурат. Жыйынтыгында салют атылат.

Бул күнү Бишкектеги Баатырлар аллеясы менен Жаш гвардия бульварында да согушта курман болгондор үчүн орнотулган эстеликтерге гүл коюлуп, митинг-реквием өтөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды. (NT)

XS
SM
MD
LG