Беларустун баш калаасынын бийлиги өлкөдө башка дагы иш-чаралар өткөрүлүп жатканын жүйө келтирип, «Өлбөс полк» акциясын уюштуруудан баш тартты.
«Биз аларды «Өлбөс полк» деп атабасак да ага үндөш иш-чаралар болот» - деди Минск шаардык аткаруу комитетинин өкүлү Жанна Романович.
Шаар бийлигинин басма сөз кызматы 9-майда «Беларус эстен чыгарбайт» деген акция өтөөрүн билдирди.
Маалыматта «ким болбосун Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жакынынын портрети менен келип, эстеликке гүл коюуга катыша алары» айтылат.
Шаардын жетекчилиги ошондой эле бир убакта бир эле жерде бир канча акция өткөрүүгө тыюу салынарын эскертет.
Беларустагы орусиялык мекендештердин бирикмесинин жетекчиси Андрей Геращенко шаар бийлиги уруксат бербесе да «Өлбөс полк» акциясынын катышуучулары Минск шаарынын көчөлөрүнө чыгарын билдирди.
9-май Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөн күнү катары белгиленет. 1941-жылдын 22-июнунда фашисттик Германия СССРге кол салып, 1945-жылдын 9-майында советтик армия жеңген.