Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Базар-Коргон: "Тез жардам" кызматы киши өлүмү боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук "Тез жардам" кызматынын фельдшери Амира Кадырова 7-майдагы киши өмүрүн алган кандуу окуя тууралуу түшүндүрмө берди. Анын "Азаттыкка" билдиришинче, медицина кызматкерлери барган учурда бычакталган бала каза болуп калган. Дарыгерлер ошол себептүү ага тийген эмес.

7-майда Базар-Коргон райондук автобекетте автобус күтүп отурган эки жигит жаңжалдашып, бири экинчисинин моюнуна бычак сайгандыктан ал каза болуп калган. Экөө тең Арстанбап айылынын тургундары экени кабарланган.

Милиция 19 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу ага бычак сайган 24 жаштагы жаранды кармап, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Социалдык тармактарда тараган кыска видеолордо кансырап жаткан жигитке "Тез жардам" келгени, бирок "тергөөчүлөр келмейинче алып кетүүгө мүмкүн эмес" деп медиктер жабырлануучуга тийбей турганы тартылган. Коомчулукта "Тез жардамдын" адистеринин жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга аракет кылбаганы сынга кабылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG