Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Италияда президент "бейтарап өкмөт" түзүүнү сунуш кылды


"Алга, Италия" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Силвио Берлускони.
"Алга, Италия" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Силвио Берлускони.

Италиянын президенти Сержио Матарелла өкмөт түзө албай жаткан саясий партияларга жыл аягына чейин иштей турган “бейтарап” кабинет түзүүнү же жаңы шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды.

Марттагы парламенттик шайлоодон кийин 64 күндөн бери үч партия мунасага келип, коалиция түзө албай жатышат. Дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда Матарелла биринчи жолдун артыкчылыктарына токтолду. Ал "мөөнөтсүз шайлоо өлкөнү саясий жана экономикалык кризиске кептейт" деп эскертти.

Бирок Италияда көпчүлүк чоң партиялар шайлоо өткөрүүнү жактаарын билдиришкен.

4-мартта өткөн парламенттик шайлоодо мурдагы премьер-министр Сильвио Берлускони кирген оңчул коалиция, «Беш жылдыз» кыймылы жана социал-демократтар жеңген.

XS
SM
MD
LG