Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Жогорку сот Сыргак Абдылдаевдин арызын кароону 22-майга калтырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот журналист Сыргак Абдылдаевдин ишин кароону 22-майга жылдырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, мындай чечимге ишти карай турган соттук коллегиянын курамы толук болбогону себеп болду.

«Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевге 2009-жылы март айында белгисиз кишилер кол салып, бычактап, колу-бутун сындырып кеткен. Мындан соң Абдылдаев Швециядан баш калка тапкан, кийинчерээк ал өлкөнүн жарандыгын алган. Абдылдаев ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигинин кемчиликтерин ашкере кылган макалаларды жазып жүргөн.

Анын өмүрүнө кол салуу фактысы боюнча Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевге, УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Турдубек Алмаматовго, Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Бакыт Парманкуловго, ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкы башкармалыгынын экс-башчысы Расулберди Раимбердиевге, ИИМдин жооптуу кызматкерлери Туратбай Үмөтов менен Искендер Сооданбековго “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу”, “Киши өлтүрүү аракети” жана “Кылмыш кылууга аракеттенүү” беренелери боюнча айып тагылган.

"Бириккен элдик кошуун бирлиги" бейөкмөт уюмунун төрагасы Алга Кылычевдин маалыматына караганда, ишти алгач Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен Жаныш Бакиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга сырттан эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Биринчи май райондук соту, Бишкек шаардык соту тарабынан "иштин мөөнөтү эскирди" деген шылтоо менен калган айыпталуучулар сот жообунан бошотулган.

Сыргак Абдылдаевдин адвокаттары буга нааразы болуп, Жогорку сотко кайрылган. Сот доо арызды кароону бүгүнкүгө белгилеген болчу.

Журналистке кол салуу боюнча кылмыш иши Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин ачылып, тергеле баштаган. 2014-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдылдаевди "Эрдик" медалы менен сыйлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG