Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

30 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз өткөргөн бажычылар иштен алынды


Кармалган автоунаа жана телефондор.
Кармалган автоунаа жана телефондор.

Жалал-Абад бажысынан 30 миллион сомдук телефондорду аткезчилик жол менен Кыргызстанга киргизип жиберген факты боюнча бажынын үч кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Ички кызматтык иликтөөдөн кийин мындан сырткары Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн жетекчисине катуу эскертүү берилди. Иш боюнча топтолгон материалдар УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына өткөрүлдү.

1-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) аталган бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад облусунда тиешелүү тартипте декларациядан өткөрүлбөгөн, ар түркүн моделдеги чөнтөк телефондор жүктөлгөн автоунааны кармашкан. Иликтөө учурунда товарларды Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөл пунктунан "термос" деп каттап, өткөрүп беришкени такталган. Кармалган жүк ташуучу автоунаадагы товарлардын наркы 30 миллион сомго бааланган.

Факт боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) жана 204-беренеси (“Аткезчилик”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG