Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында көкбөрү боюнча өтүп жаткан турнирде бүгүн Чүй облусунан “Биримдик” командасы үчүнчү орунду алды.
Коло байге үчүн оюнда “Биримдиктин” улакчылары Сокулуктун “Четинди” командасын 8:2 эсебинде утуп алды.
Эртең 9-майда финалдык оюндар өтүп, жогорку лигада “Достук” менен “Ынтымак” ойносо, биринчи лигада “Толкун” менен “Сары-Өзөн” алтын медалды талашат.
Жеңиш күнүнө карата ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 4-майдан бери өтүүдө. (SDz)