Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Түндүк Корея менен Кытайдын лидерлери Далянда жолугушту


Лидерлер Ким Чен Ын менен Си Цзиньпин Далянь шаарында жолугушту.
Лидерлер Ким Чен Ын менен Си Цзиньпин Далянь шаарында жолугушту.

Ким Чен Ын менен Си Цзиньпин Кытайдын Далянь шаарында шейшембиде кезикти. Эки лидердин сүйлөшүүсү тууралуу Кытайдын "Синьхуа" агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, алар Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуунун баскыч-баскычтуу чараларын талкуулашты. Мындан тышкары Кытайдын лидери Түндүк Кореядагы стратегиялык өзгөрүүлөрдү экономикалык багытка бурууну колдоорун баса белгиледи.

"Синьхуа" түндүк кореялык лидер Кытайга 7-майда келгенин маалымдады. Буга чейин жапондордун NHK агенттиги Пхеньяндын учагы Даляндын эл аралык аэропортуна келип конгонун кабарлаган. Бул эки шаардын ортосунда аба каттамы жок болгондуктан журналисттер "учактын бортунда Ким Чен Ын болушу мүмкүн" деп боолголошкон.

Ким Чен Ын Кытайга март айында келип, Си Цзиньпин менен жолугуп кеткен. Анда Түндүк Кореянын лидери АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу ниетин билдирген.

АКШ менен Түндүк Кореянын президенттери бир нече аптадан кийин жолугушмакчы. 4-майда Дональд Трамп Ким Чен Ын менен саммиттин датасы жана өтө турган жери аныкталганын айтып, бирок чоо-жайын айтуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG