Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

FIFA Орусиянын футбол союзун айыпка жыкты


Владимир Путин менен Жанни Инфантино. Сочи, 3-май, 2018-жыл.
Владимир Путин менен Жанни Инфантино. Сочи, 3-май, 2018-жыл.

Эл аралык футбол федерациясы – FIFA Орусиянын футбол союзун 27-мартта өткөн Орусия менен Франциянын командаларынын оюнундагы күйөрмандардын жүрүм-туруму үчүн 30 миң долларга айыпка жыкты.

Оюн маалындагы расисттик сүрөөн боюнча Fare Network уюму эл аралык федерацияга арызданган. Бул уюм Европада футболдогу дискриминацияга каршы күрөшөт. Арызга "Франс Пресс” агенттигинин фотографынын орусиялык күйөрмандардын "гвинеялык оюнчу Пол Погбанын дарегине басмырлаган сөздөрдү кыйкырды" деген жүйөсү негиз болгон.

ФИФАнын тартип комиссиясы иликтөө жүргүзүп, оюн маалындагы видео тасмаларды карап чыгып, арызда көрсөтүлгөн факты такталганын билдирди. Андан соң эл аралык федерация орусиялыктарга айып пул салууга чечим чыгарды.

Орусия менен Франциянын командалары Санкт-Петербургда беттешип, француздардын жеңиши менен аяктаган.

Буга чейин ФИФА жайында өтчү дүйнө чемпионатында эгер расисттик маанайдагы кыйкырык-сүрөөн болсо оюнду токтотууга арбитрларга уруксат берээри кабарланган.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты Орусиянда 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Мелдештер 11 шаардагы 12 стадиондо уюштурулат.

XS
SM
MD
LG