Бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарындагы ат оюндары жыйынтыкталып, финалдык таймаштар өтөт.
Спорттук иш-чаралар эртең мененки саат тогузда эр эңишчилердин финалдык таймаштары менен башталат.
Андан соң саат ондо көкбөрү боюнча биринчи лиганын финалы өтүп, анда “Сары-Өзөн” жана “Толкун” командалары алтын медаль үчүн ойношот.
Ал эми жогорку лиганын финалында Таластын “Ынтымак” жана Оштун “Достук” командалары ойнойт.
Ошондой эле бүгүн ат чабыш жана салбуурун мелдештери да жыйынтыкталат.
Жеңиш күнүнө карата ат оюндары Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 4-майдан бери өтүүдө. (SDz)