Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Улуу Жеңиш майрамы белгиленет


Бишкек. 9-май, 2018-жыл.
Бишкек. 9-май, 2018-жыл.

Жер-жерлерде бүгүн Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленет. Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери катышат.

Бишкекте салтка айланып бараткан “Өлбөс полк” акциясы өтөт. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, былтыр бул жүрүшкө 30 миңге жакын адам катышкан, быйыл да андан кем эмес адам чыгат:

- Бул бешинчи акция. 2014-жылы биринчи жолу өткөргөндө бир миңдей адам чыккан.

Саат 10до баштала турган “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң-ата, чоң-апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып келишет. Жолдун жалпы узундугу 6,6 чакырым.

1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи майдандан кайтпай калган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 475 согуш ардагери калды. (RK)

XS
SM
MD
LG