Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 15:05

Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Атада өтүп жаткан улуттук ат оюндарынын жүрүшүндө эр эңиш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Жалпы командалык эсепте Нарын облусунун балбандары үч алтын медаль менен биринчи орун алды.

Чүй жана Талас облустарын балбандары бирден алтын медалга ээ болушту. Күмүш менен коло медалды кошкондо Нарындын балбандарында сегиз медаль бар.

Бул турнир сентябрь айына белгиленген Көчмөндөр оюндарына даярдык катары өтүп, Кыргызстандын курама командасы түптөлөт. Алдыда ат чабыш, салбуурун жана көкбөрү оюндарынын финалдык беттештери өтөт. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG