Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Кымбат машинелерди алып келүүдөгү коррупциялык схема аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын маалыматына караганда, февраль айында 2015-жылы чыгарылган “Тойота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү автоунааларды Кыргызстанга алып келүүдө керектүү бажы төлөмдөрү төлөнбөгөнү аныкталган. Анын айынан бюджетке 1 млн. сомдон ашуун акча түшпөй калган. Башкы прокуратура бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-350-беренелеринин негизинде (“Аткезчилик”, “Документтерди жасалмалоо”) кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн алкагында бюджетке келтирилген зыян, 1 млн. 583 миң сомдон ашуун каражат өндүрүлдү.

Мыйзамга ылайык, 204-берене менен биринчи жолу кармалган жарандар өз эрки менен келтирилген зыянды, айыппулду төлөп берсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Буга чейин Орусиядан уурдалган кымбат баалуу 45 машине Кыргызстандан табылган. Ички иштер министрлиги Кыргызстандан табылган кымбат баалуу 45 автоунаа Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттерден жоголгонун билдирген. Арасында "Lexus", "Toyota", "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү жол тандабастар, кроссоверлер, "Toyota", "Mercedes-Benz", "Volkswagen" үлгүсүндөгү седан кузову менен чыгарылган машинелер бар. Алардын 82 пайызынын VIN-коду өзгөртүлгөнү аныкталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG