Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Израил Сириянын базасына сокку урганы кабарланды


Ирандын, Орусиянын, Сириянын желегин көтөргөн сириялыктар, 14-апрель, 2018-жыл.
Ирандын, Орусиянын, Сириянын желегин көтөргөн сириялыктар, 14-апрель, 2018-жыл.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары жана көз каранды эмес булактар шаршембиге караган түнү Израил Дамасктын түштүгүндөгү өкмөттүк күчтөрдүн аскердик базасына ракета менен сокку урганын кабарлады.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондун Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгаарын жарыялаган соң Израилдин учактары сокку урганын ырасташат.

Сириянын SANA агенттиги ракеталар атып түшүрүлгөнүн билдирди. Ошол эле учурда Лондондо жайгашкан, Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория өз булактарына таянып, соккудан Ирандын аскердик техникасы жок кылынып, бир нече киши өлтүрүлгөнүн билдирди. Алар ирандык аскерлер же Иран колдогон күчтөр экени боолголонот.

Израилдин Коргоо министрлиги мурдагыдай эле буга комментарий берүүдөн баш тартты.

Трамп Иран менен түзүлгөн эл аралык келишимден бир тараптуу чыгаарын жарыялаган соң Голан дөңсөөсүнүн аймагында Израил өз армиясын катуу даярдыкка келтиргени маалым болду. Израил муну “Сириядагы ирандык күчтөрдүн адаттан тыш жанданганы” менен түшүндүргөн.

Израил Иранды "Сириянын аймагын агрессиянын аянты катары колдонуп жатат" деп айыптайт. Сириядагы кырдаалды Москвада Орусиянын президенти Валдимир Путин менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху дагы талкуулай тургандыгы кабарланды. Бүгүн Нетаньяху Путин менен Кызыл аянтта Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадды көрдү.

XS
SM
MD
LG