Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

Ысык-Көлдө уулангандардын саны 22 кишиге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдөгү “Аврора” санаторийинде тамактан уулангандардын саны 22 кишиге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Азаттыкка” кабарлады.

Чолпон-Атада башталган кикбоксинг боюнча Азия чемпионатына келген чет өлкөлүк спортчулар ууланганы 8-майда белгилүү болгон. Адегенде жети киши ооруканага жаткырылса, кийинчерээк алардын саны 22 адамга жеткен. Азыр алардын ичинен 14 киши ооруканада.

Уулангандардын арасында Ирандын бир жараны жана Бириккен Араб Эмираттарынын алты жараны бар. Алар жеген тамак-аштан анализ алынган, анын жыйынтыгы эки-үч күндөн кийин белгилүү болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG