Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 10:14

Көкбөрү: "Достук" "Ынтымакты" утуп, алтын байге алды


"Достук" менен "Ынтымак" командасынын оюнчулары "Нооруз-2018" мелдешинин финалында. Бишкек, 21-март, 2018-жыл.

9-май - Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өткөн көкбөрү турниринин финалында Оштун "Достук" командасы Таластын "Ынтымак" командасын утуп, жеңүүчү болду. Таймаштын биринчи айлампасында достуктун оюнчулары эки жолу улакты атаандаштарынын тайказанына салып, алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Оштун улакчылары дагы бир улак таштоого үлгүрдү. Үчүнчү айлампада "Ынтымак" командасынын оюнчулары эки улак салганга жетишти. Жыйынтыгында 3:2 эсебинде “Достук” командасынын оюнчулары жеңишке жетти.

Оштун “Достук” жана Таластын "Ынтымак" командалары көкбөрү боюнча республикалык мелдештерде акыркы жылдары алтын байге үчүн таймашкан негизги атаандаштар болуп келет. Быйыл Бишкекте өткөн "Нооруз-2018" турниринде "Ынтымак командасы “Достукту” 2:1 эсебинде жеңип алган. Аталган командалар "Нооруз-2017" турниринин финалында да таймашып, 8:7 эсебинде Таластын оюнчулары жеңишке жеткен.

Жеңиш күнүнө арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеши Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда эки лигада өттү. Бүгүн биринчи лиганын оюндарында алтын медаль үчүн “Сары-Өзөн” жана “Толкун” командалары ойноп, Чүй облусунун улакчылары 5:2 эсеби менен жеңишке жетти.

9-май Жеңиш майрамына карата ат оюндары Чолпон-Ата шаарында 6-майда башталган.

Бүгүн эр эңиш жана салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталган. Эр эңиш боюнча таймаштарда жалпы командалык эсепте Нарын облусунун балбандары үч алтын медаль менен биринчи орун алды.

Чүй жана Талас облустарын балбандары бирден алтын медалга ээ болушту. Күмүш менен коло медалды кошкондо Нарындын балбандарында сегиз медаль бар.

Эр эңиш боюнча турнир сентябрь айына белгиленген Көчмөндөр оюндарына даярдык катары өтүп, Кыргызстандын курама командасы түптөлөт. Алдыда ат чабыш боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. (SDz\ECh).

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG