Ооганстандын борбор шаарынын батышындагы полициянын баш кеңсесинде болгон жардыруудан кийин ок атылганын полициянын басма сөз катчысы Хашмат Станекзай билдирди. Ал дагы бир жардыруу башка полиция бекетинин жанында болгонун ырастады. Бирок канча киши жабыркаганын айткан жок.
“Талибан” кыймылы менен “Ислам мамлекети” террор тобу кийинки айларда Кабулда бир нече жолу кол салуу уюштурду.
30-апрелде Кабулда болгон эки жардыруу 25 кишинин өмүрүн алып кетти. Арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган редакциясынын эки журналисти бар. "Ислам мамлекети" экстремисттик уюм артында турган кол салууда 50гө чукул киши жарадар болду.