Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

АКШнын мамкатчысы Пхеньянга кайра барды


Мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо. 2-май, 2018-жыл.
Мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо. 2-май, 2018-жыл.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео Корей жарым аралына тынчтык орнотуш үчүн Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен бирге иштешүүгө кызыгаарын айтты. Вашингтондун өкүлү бул тууралуу 9-майда Пхеньянда түндүк кореялык жетекчилер менен сүйлөшүп жатып билдирди.

Помпео Пхеньянга АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жогорку даражадагы жолугушуусуна даярдык көрүш үчүн барган. Вашингтон администрациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, мамкатчы Пхеньянда камакта жаткан үч америкалык жаранды бошотуш үчүн Түндүк Кореяга басым көрсөтүү аракетин улантат.

“Ондогон жылдар бою душман болуп келдик. Биздин элибиз татыктуу болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү ачыш үчүн бул жаңжалды чечүүнүн, дүйнөгө дүрбөлөң салган коркунучтарды жоюунун үстүндө бирге иштешүүгө үмүттөнөбүз”, - деди Помпео Пхеньяндын өкүлдөрүнө.

Помпео өткөн айда да Түндүк Кореяга барып кеткен. 7-майда мамлекеттик катчынын Вашинтондон Пхеньянга жол тартканы расмий айтылган жок.

XS
SM
MD
LG