Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

АКШнын өкүлү Түндүк Кореяга барып келди


Майк Помпео, Ким Чен Ын, Дональд Трамп.
Майк Помпео, Ким Чен Ын, Дональд Трамп.

АКШнын жогорку даражалуу чабарманы Түндүк Кореяга жашыруун барып келгени белгилүү болду. Борбордук чалгын кызматынын директору, мамлекеттик катчылыкка талапкер Майк Помпео өз сапарында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукканын америкалык медиа кабарлады.

АКШнын Борбордук чалгын кызматынын директору, мамлекеттик катчылыкка талапкер Майк Помпео Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукканы тастыкталды.

Жолугушуу өткөн аптада болгонун бүгүн президент Дональд Трамп да ырастады. Бул окуя Пхеньян менен Сеулдун келерки аптага белгиленген саммитине жана АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин жолугушуусу даярдалып жаткан учурга туш келди.

Адегенде америкалык абройлуу гезиттер жана "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, президент Дональд Трамп Борбордук чалгын кызматынын директору Майк Помпеону Түндүк Кореяга алдыдагы саммитке даярдык көрүү максатында жиберген.

Помпео өтө жашыруун иш сапарында Ким Чен Ын менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн андан кабары бар эки адамдын сөзүнө таянуу менен алгач “Вашингтон Пост” гезити 17-апрелде жазып чыкты. Анын артынан өз булактарына таянып "Рейтер" агенттиги жана “Нью-Йорк Таймс” гезити да ушундай эле маалымат таратышты. Аны президент Дональд Трамп өзү шаршемби күнү гана "Твиттер" баракчасы аркылуу ырастады.

Трамптын жазганына караганда, Ким Чен Ын менен Майк Помпеонун өткөн аптадагы жолугушуусу “сылык өтүп, жакшы мамиле түзүлгөн".

Алдыдагы саммиттин “майда-чүйдөсү азыр иштелип жатат, өзөктүк куралдан арылуу дүйнө үчүн эле эмес, Түндүк Корея үчүн да мыкты иш болот”, - деди Трамп "Твиттердеги" баракчасында.

Медиада жогорудагы маалыматтар чыгаарда Трамп кечээ жапон премьери Синдзо Абэни кабыл алып жатып, Вашингтон менен Пхеньяндын ортосунда түз сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген:

- Биз Түндүк Корея менен түз сүйлөшө баштадык, бизде өтө жогорку деңгээлдеги тике сүйлөшүүлөр болду. Мен такай айтып келгендей, эмне болорун көрөбүз. Анткени акыр-аягында биз жолугушуу тууралуу эмне ойлогонубуз эмес, анын жыйынтыгы маанилүү.

Синзо Абэ менен Дональд Трамп Флоридада кездешкен учур. 17-апрель, 2018-жыл.
Синзо Абэ менен Дональд Трамп Флоридада кездешкен учур. 17-апрель, 2018-жыл.

Трамп АКШ менен Түндүк Кореянын "тарыхый" деп сыпатталган болочок саммити үчүн беш жер каралып жатканын, ал алдыдагы эки ай ичинде болот деген үмүт бар экенин да кошумчалады:

- Биз Ким Чен Ын менен өтө жакын арада өтө турган жолугушуубуз түрдүү жолугушууларга, сүйлөшүүлөргө көз каранды. Эгер баары жакшы жүрсө, жолугушуу июнда же балким андан эртерээк да өтөт. Эгер жакшы жүрбөсө болбой да калат. Биз өзүбүз кабыл алган катаал жол менен гана кетебиз.

Мамлекеттик катчылыкка көргөзүлгөн Майк Помпеонун Түндүк Кореядагы иш сапары - Вашингтон менен Пхеньяндын 2000-жылдан бери жогорку деңгээлдеги алгачкы сүйлөшүүсү. Анда АКШнын ошол кездеги башкы дипломаты Мадлен Олбрайт Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир менен кездешкен.

- Биз Ким Чен Ын Кошмо Штаттарды өзөктүк курал менен коркута албагыдай шартка жетишүүгө жоопкербиз, - деген эле Помпео өткөн аптада аны мамлекеттик катчылыкка бекитүү боюнча Сенат комитетиндеги алгачкы жыйында.

Келерки апта соңунда Түндүк Кореянын лидери менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Ин жолугушканы турат.

- Бул саммитте көңүл буруучу негизги маселелер: өзөктүк куралдан толугу менен арылуу, туруктуу тынчтык орнотуу жана мамилелерди кыйла жакшыртуу. Бул этият башталыш болорун билебиз, анын максаты - Түндүк жана Түштүк Кореянын эле эмес, Түндүк Корея менен АКШнын жана коңшулардын алака-катышын да жакшыртуу. Саммиттин дагы бир маани-маңызы ушунда, - деди шейшемби күнү Сеулдан Түштүк Корея президентинин администрация башчысы Им Чжон Сёк.

27-апрелдеги саммит эки корей өлкөсүнүн чегиндеги Панмунжон кыштагында өткөнү турат. Түндүк жана Түштүк Корея 1953-жылдан бери согуш абалында.

Өткөн айдын акырында Ким Чен Ын алгачкы жолу чет элдик сапарга чыгып, Пхеньяндын башкы саясий жана экономикалык өнөктөшү Бээжинде болгон.

Ким Чен Ын жана Си Цзиньпин. Бээжин, 27-март, 2018-жыл.
Ким Чен Ын жана Си Цзиньпин. Бээжин, 27-март, 2018-жыл.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Түндүк Кореянын лидери кепке келип, өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын бир тараптуу жана көп тараптуу экономикалык санкциялардын таасирине байланыштыат.

Былтыр Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньянга каршы экономикалык санкцияларын бир нече айлампа менен катаалдаштарды. АКШ да былтыр жана быйыл өз тарабынан бир нече айлампа менен Түндүк Кореяны каржы булактарынан ажыратууну караган санкцияларды киргизди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG