Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:16

Ички иштер министрлиги эң мыкты айдоочу айымды тандайт. Мекеме “Автоледи-2018” деп аталган сынак жарыялады. Ага бардык айдоочу кыз-келиндер катыша алат.

Сынактын максаты – жол кыймылынын катышуучуларынын арасында тартипти бекемдөө, жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үндөө жана ар кандай жол кырсыктарынын алдын алуу.

Сынак бир нече баскыч менен өтөт. Ага автоунаа айдоого “В” категориясындагы уруксаты барлар катышса болот.

Кыргызстанда 1 миллиондон ашуун автомашина бар экени айтылып жүрөт, алардын жарым миллионго жакыны Бишкекте. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG