Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Ысык-Көлдүн жээгине имарат курууга уруксат берүү маселеси каралат


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдүн жээгине имарат курууга уруксат берүү маселеси бүгүн парламентте талкууланат.

“Экологиялык коопсуздук жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттар тобу сунуш кылган.

Ал буга чейин эки окуудан өткөн. Долбоор курулуш иштерин көлдүн жээгинен 300 метр бери жүргүзүүнү карайт. Азыр бул ченем 100 метрди түзөт.

Демилгечилердин пикиринде, бул мыйзам кабыл алынса көлдөгү экологияны сактоого кошумча шарт түзүлөт. Буга чейин айрым депутаттар чекти 300 метр деп аныктоо экология маселесин чечпей турганын айтып, каршы чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG