Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ошто “Жагымдуу Кыргызстан” аттуу иш-чара башталды


Ош шаары. Сулайман-Тоо.
Ош шаары. Сулайман-Тоо.

«Жагымдуу Кыргызстан» деп аталган иш-чаранын алгачкы бөлүгү болгон «Make-athon» форуму 8-майда башталган.

«Make-athon» - социалдык долбоорлорду иштеп чыгуучулардын форуму. Анда жаштар 48 саат ичинде коомдогу актуалдуу маселелерди чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгышат.

Бул иш-чарага Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 5 мектебинен 10 тайпа катышууда. Алар жол коопсуздугу, өспүрүмдөр арасында чыр-чатактар, фельдшердик-акушердик пункттардагы техникалык жабдыктардын жана тейлөөнүн начардыгы, көчөлөрдөгү таштандылар, спорт залдардын жоктугу сыяктуу маселерди чечүүнүн ыкмаларын издеп жатышат.

Командалар тажрыйбалуу устаттар жана машыктыруучулар менен чогуу иш алып барышат. Атайын чакырылган эксперттер жана калыстар катышуучуларга өз сунуштарын беришет. Форумдун жыйынтыгында “эң мыкты” деп табылган долбоорлорго акчалай сыйлыктар, кызыктыруучу байгелер берилет. Иш-чаранын алкагында “Жаштардын демилгелери” жармаңкеси да уюштурулат.

Иш-чара “Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан” долбоорунун алкагында өтүүдө. Аны Борбор Азиядагы билим берүү дебаты ассоциациясы (IDEA СА), БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. (MdN)

XS
SM
MD
LG