Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Момбеков: кимдер Макаого барып какао ичип келгени элге кызык


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиевди, Жоомарт Оторбаевди, Темир Сариевди жана Сапар Исаковду чакырууну сунуш кылды.

- Комиссия ишин жабык өткөрдү. Кандай корутунду чыгарганын биз билбейбиз. Жүз күн иштеп, бизге талкуулоого бир күн берип жатышат. Бул жүз күндүк жумуш эмес болчу. Элдин кызыкканы - 600 долларлык кычкач, 1 млн. долларлык видео байкагыч кайдан чыккан? Макаого кимдер барып какао ичип келген? Алар эмнени бүлдүрүп же эмнени бүтүрүп келгени кызык болуп жатат.

Комиссиянын корутундусу депутаттарга таратылып берилип, бүгүн саат 14:00дө талкууланмай болду. Ага тиешелүү экени айтылган жана корутундуга аты жазылган мурдагы жетекчилерди, күч түзүмдөрүнөн чакыруу жөнүндө сунуш киргизилди.

Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, бул тизмеге кирген 30дай адамга саясий баа, Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да баа берүү тууралуу сунуш айтылган. Ошондой эле президентке, Жогорку Кеңешке жана башкы прокурорго Бишкек ЖЭБин жаңылоого алынган 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышын, кызмат адамдарынын кытайлык ТBEA компаниясынын өкүлдөрү менен байланышын, сатылып алынган жабдыктардын жана аткарылган иштердин наркынын негиздүүлүгүн текшерүү сунуш кылынды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG