Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Кабилованын кош жарандыгын тактоону өтүнгөн уюм арызын чакыртып алды


Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.
Клара Кабилова - Гүлнара-Клара Самат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Клара Кабилованын кош жарандыгы бар-жогун иликтеп берүүнү өтүнүп Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган "Карек" коомдук бирикмеси жазган арызын кайра чакыртып алды. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Боршайкомдун Орусия тарапка жөнөткөн катына жооп келе элек.

- "Карек" коомдук бирикмеси жазган арызын кайра чакыртып алды. Бирок биз ага карабай расмий жыйынтыкты күтүп жатабыз. Маалыматты тактоо өтүнүчү Орусияга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу жиберилген да.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынан Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчүлөрдүн тизмесинде турган Клара Кабилованын орус жарандыгы болушу мүмкүн экени айтылып, "Карек" коомдук бирикмеси аны тактоону БШКдан өтүнгөн.

Кабилова 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, мурдагы президент Курманбек Бакиевден ыдык көргөнүн айтып, Орусияда жашап жүргөн. Кийин ысымын өзгөртүп Гүлнара-Клара Самат болгон. Эгер анын кош жарандыгы аныкталса, мыйзам боюнча парламентке депутат болуп келе албайт. Кийинки тизмеде Ташболот Балтабаев турат. Салянованын мандаты быйыл марттын башында алынган.

Ал арада Аида Салянованын иши Жогорку сотто каралууда. 8-майдагы жараяндан кийин ал соттон акталса, депутаттык мандатын кайра кайтарып алыш үчүн “юридикалык жактан мүмкүнчүлүк бар” деп "Азаттыкка" билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG