Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:06

Бишкекте 40тай көчө оңдоп-түзөө үчүн жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында бир убакта 40тай көчө оңдоп-түзөө үчүн жабылды. Мэрияга караштуу капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаев жол жабылып, тыгын жаралып жатканын айткан элдин нааразылыгына жооп берип, “Азаттыкка” түшүндүрмө берди:

- Быйыл ушундай чоң ишти аткарууга шарт түзүлдү. Бул үчүн биринчи кезекте акча, анан жалдануучу компания керек. Кандай адам кыянаттык кылып, жаба берсин? Бул акылга сыйбай турган нерсе да. Муну жөн эле адам катары түшүнсө болот. Канча жылдан бери чогулган маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүк болуп жатат. Убактылуу ыңгайсыздык болуп жатат. Ал үчүн кечирим сурап жатабыз.

Эшенбаев жолду жабуунун алдында жадыбал түзүлүп, кышы менен даярдалганын белгиледи. Анын айтымында, күзгө чейин жалпы узундугу 105 чакырымды түзгөн 50дөн ашуун жол оңдолуп-түзөлүшү керек. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев бир топ жолдор жабылып, тыгын пайда болгонун, эл түйшүк тартып жатканын айткан:

- Элди ойлосок жолду тез бүтүрүү ыкмасын ойлоп табышыбыз керек. Жолду кенен жаап салып, же ал жерде кыймылдаган адам көрүнбөйт, же техникасы көрүнбөйт. Бул эмне деген кайдыгерлик, эмне деген кенебестик? Же өзүм билемдиктин жаңы ыкмасыбы? Муну кайсы фирма аткарып жатат, кандай келишим болгон, кайсыл убакта бүтөт? Ушуга жооп бериши керек. Бул атайын элдин нааразылыгын пайда кылыш үчүн жасалып жаткандай көрүнүп жатат.

Нурбаев жаңы бүткөн жолдордун сапаты начар болуп жатканын белгилеп, өкмөт башчыны көзөмөлгө алууну сунуштады.

Буга чейин Бишкек мэри Албек Ибраимов быйыл жалпысынан 100 жолду оңдоо пландалганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG