Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 19:53

Түндүк Кореядагы туткундан бошогон америкалыктар Вашингтонго келди


Президент Дональд Трамп жана жубайы Меланиа Трамп Түндүк Корея бошоткон үч америкалыкты тосуп алган учур. 10-май, 2018-жыл.

Түндүк Кореядагы туткундан бошотулган үч америкалыкты алып келе жаткан мамлекеттик катчы Майк Помпеонун учагы Вашингтондун жанындагы "Эндрюс" базасына келип конду. Аларды АКШнын президенти Дональд Трамп жубайы жана вице-президент Майк Пенс менен тосуп алды.

Кечээ АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяда сапарда жүргөн мамлекеттик катчы Майк Помпео Пхеньян туткундаган корей улутундагы үч америкалык жаранды алып келе жатканын билдирген. Помпео Пхеньянга АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жогорку даражадагы жолугушуусуна даярдык көрүш үчүн барган.

"Трамп Ким Чен Ындын үч америкалык жаранды бошотушун жогору баалайт жана муну жакшы ниеттин ишараты катары карайт" деп айтылат Ак үй тараткан билдирүүдө.

Маалыматтар боюнча АКШнын үч жараны Түндүк Кореяда "тыңчылык жана душмандык иш-аракеттери" үчүн соттолгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG