Линктер

жекшемби, 22-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:27

Жогорку Кеңеш Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулай баштады. Жыйынга мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев жана депутаттык комиссиянын корутундусунда аты аталган жетекчилер катышып жатат.

Учурда комиссиянын жетекчиси Улан Примов маалымат берүүдө.

- Күмөндуү жагдайлар бар. Укук коргоо органдары, айрыкча Коррупцияга каршы күрөш кызматы 386 млн. доллар боюнча терең иликтөө жүргүзүп, ар бир тыйындын ордун табышы керек. “Эксимбанк” менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы жакшы эске алынган эмес, - деди ал.

Корутундуда "Кытайдан алынган насыя боюнча сүйлөшүү өткөрдү, документтерди иштеп чыккан жана ага кол койду" деп айтылган жетекчилердин ишине укуктук баа берүү тууралуу сунуш бар. Бул тизмеге 30га жакын адам кирди.

Алардын арасында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Жоомарт Оторбаев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, финансы министринин азыркы орун басары Мирлан Байгөнчөков, мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы экономика министри Темир Сариев, экономика министринин мурдагы орун басары Санжар Муканбетов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Улуттук энергохолдингдин” жана Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев, Экотехинспекциянын башчысы Канатбек Муратбеков, Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы директору Турдубек Мамбетов, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы директорлору Салайдин Авазов, Абдылда Исраилов, Таалайбек Толубаев, Узак Кыдырбаев, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу жана учурдагы директору Андрей Воропаев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы комитетинин учурдагы башчысы Улан Рыскулов жана башка бир катар жетекчи кызматкерлер бар.

ЖЭБдеги кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия үч айдан ашуун убакыт иштеп, 8-майда корутундуну кабыл алган.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу болуп кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган. Жылуулук электр борборун оңдоо иштери былтыр күзүндө толугу менен бүткөрүлгөн эле. Бирок быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн бою жылуулуксуз, бир топ жерлери жарыксыз калган болчу.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголуп, "Улуттук энергехолдингдин" башчысы Айбек Калиев баш болгон бир нече жетекчи камакка алынган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG