Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Исаков: Атамбаев түз тапшырма берген эмес, Масалиевдин айтканы - жалаа


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча түз тапшырма берген эмес. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүнкү парламент жыйынында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен 386 млн. доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатканда билдирди.

- Алмазбек Атамбаев түз тапшырма берген эмес, "карап көргүлө" деп жатат. Ошондуктан Масалиев алдабасын, жалаа жаппасын. Экинчиден, биз президентке бардык компаниялар туурасында маалымат берип кат жибергенбиз. Биз тигил же бул компанияны лобби кылган жокпуз. Элдин башын айлантпагыла.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бүгүнкү сессияда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестик макамды алууну сунуш кылган. Эл өкүлү ЖЭБди модернизациялаш үчүн Кытайдан насыя алууга Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин, анын тапшырмасы болгонун айткан. (КЕ)

Түз эфир: Парламент ЖЭБ чуусун талкуулоодо

XS
SM
MD
LG