Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:16

Орусиянын Иркутск шаарындагы травматологиялык ооруканада көз жумган кыргызстандык келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди.

Сөөктү алып келүүгө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жардам берген.

Маркум Дилдара Буваева 1978-жылы туулган жана Ош шаарында жашап келген. Акыркы жылдарда Орусиянын Иркутск аймагында иштеп жүргөн. Артында үч баласы калды. Анын эмнеден каза болгону айтыла элек.

Сөөктү мекенине алып келүүгө үй-бүлөсүнүн чамасы жетпегендиктен, алар жардам сурап укук коргоочуларга кайрылышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG